Японияда көгүчкөндү тебелеп кеткен таксист кармалды

Япониянын полициясы тарабынан көгүчкөндү тебелеп кеткен 50 жаштагы Ацуши Озаву аттуу таксист кармалды. Ал жапайы жаратылышты коргоо тууралуу мыйзамды бузууга шектелип жатканын япониялык басылмалар жазышты.

Аталган өлкөдө жапайы жаратылышты коргоо тууралуу мыйзамына ылайык, көгүчкөндү жана башка канаттууларды бийликтин уруксаты жок өлтүрүүгө болбойт. Атүгүл, канаттуулар оору жугузуп, эгинге же мал-жанга зыян келтиргени далилденсе да, аларды өлтүрүүгө тыюу салынган. Жарандар алардын балконундагы уяга да кол тийгизе алышпайт. Көгүчкөндөр жол чырактын тыюу салынган белгисине карабай, жолдон өтүп бара жатса, анда айдоочулар кылдаттык менен мамиле кылуусу айтылган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, жол чырагы жашыл болуп күйгөндө таксист ылдамдыкты тездетип, көгүчкөндөрдүн тобун көздөй атайын айдап барып, анын бирин өлтүргөн. Окуяга күбө болгон аял айдоочуга белги бергенин, бирок аял айдоочу «көгүчкөндөр жолдон качышы керек болчу» деп айтканын билдирген. Көгүчкөндүн экспертизасы анын травмасынан улам өлгөнүн көрсөткөн. Көгүчкөндөрдү сүзүп кеткенден кийин таксист өз жолу менен кетип калган. Кийин кармалып, ага айып тагылганда ал «жолдор адамдар үчүн түзүлгөн, көгүчкөндөр унаадан качышы керек» деп айткан.

Эми көгүчкөндү өлтүрүүгө шектелип жаткан таксист бир жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал же 1 миллион йен (7 миң доллар) айып пулга жыгылышы мүмкүн.