Японияда күчү 6,9 баллга жеткен жер титирөө болуп, цунами коркунучу жарыяланды

Япониянын түштүгүндөгү Кюсю аралынын жээгинде күчү 6,9 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Liter.kz жазды.

Маалыматка караганда, жер титирөө 13-январда жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:19да катталган.

Жээкке жакын жайгашкан бир катар райондордун тургундарына үйлөрүн көчүрүү сунушталды. Кыйроолор тууралуу маалымат жок.