Японияда өкмөт башчы сүйлөйүн деп жатканда жардыруунун үнү угулду (видео)

«Япониянын премьер-министри Фумио Кисида эл алдында сүйлөп жаткан жерге жакын жерде жарылуу болду. Өкмөт башчы эвакуацияланган, ал жабыркаган эмес» деп билдирет NHK.

Жардыруу Япониянын түштүгүндөгү Вакаяма шаарында Кисида сөзүн башташы керек болгон учурда болгон. Япон маалымат каражаттары шектүү кармалып, окуя болгон жерден адамдарды эвакуациялап жаткан кадрларды таркатууда. Жардыруудан жабыркагандар бар-жогу белгисиз.