«Япондор башка планетадан». Өрттөнүп жаткан учактын ичинен тартылган видео таң калтырууда (видео)

Япониядагы Ханэда аэропортуна конуп жаткан учакта өрт чыккан. Анда Japan Airlines авиакомпаниясынын учагы менен Япониянын коопсуздук кызматынын учагы сүзүшкөн. 

Учактын биринде 379 жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрү болгон. Кырсыктан экинчи учактагы 5 адам каза болгон. Бул аралыкта өрттөнгөн жүргүнчү учактын ичинде тартылган видеолор тарап жатат. Көпчүлүктү учакта дүрбөлөңгө алдырбай, тартипти сактап отурган жүргүнчүлөр таң калтырган. Соцтармак колдонуучулар алардын тартибине баа берип жатышат. «Япон элинен тартипти үйрөнүш керек экенин делилдешти», «Экипаж мүчөлөрү мыкты иш алып барышты, аларды угуп, алар айткандай кылган андагы жарандарга баа бердим», «Дисциплина менен маданияттуулук мыкты деңгээлде», «Япондордон башка улут өкүлдөрү аба кырсыгында кандай реакция кылуу керектиги боюнча сабак алуу зарыл», «Башка болгондо эбак бири-бирин тебелеп-тепсеп, учактын ичинен чыкпай эле өлүшмөк», «Учак өрттөнүп атса, адамдар тынч олтуруп, буйрукту күтүшүүдө. Жыйынтыгында баары аман калышты. Япондор башка планетадан» деп жазып жатышат.