Японияда өтө катуу шамалдан улам миллиондогон тургундар эвакуацияланып жатат

«Шаньшань» тайфуну Япониянын түштүк-батыш бөлүгүн каптап, электр тармактарын бузуп, аба каттамдарына тоскоолдук жаратып, ири завод-фабрикаларды жабууга мажбур кылды. Бул тууралуу Reuters билдирди.

Маалыматтарга караганда, катуу шамалдан кеминде үч адам каза болуп, ондогон адамдар жаракат алышкан. Улуттук метеорология агенттигинин маалыматына караганда, кырсык болгон аймакта шамалдын ылдамдыгы саатына 180 чакырымга жеткен. Бийлик өлкө боюнча 5,2 миллиондон ашуун адамды эвакуациялоого буйрук берди.