Японияда сакура гүлдөгөн мезгил башталды. Япон алчасынын ак жана кызгылт гүлдөрү өлкөдө жаздын келгенин билдирип, кыска мөөнөттүү көчө майрамдарынын башталышына түрткү берет. Бул тууралуу DW жазды.
Март айынын акыркы дем алыш күндөрү өлкө боюнча адамдар парктарда, ибадатканалардын жанында, атүгүл көрүстөндөрдө сакуранын алдында пикник өткөрүштү. Япон маданиятында бул гүлдөр жаштыктын энергиясын жана жашоонун морттугун символдоштурат, анткени толук гүлдөө болгону бир жумадай гана созулат.
Бул мезгил жаңы финансылык жылдын башталышын да билдирет, дал ушул учурда университетти бүтүргөндөр биринчи жумуштарына орношо башташат. Жылдын бул убагында япон синоптиктери ар бир шаарда гүлдөө качан туу чокусуна жетерин кылдат байкап, пикник үчүн эң ылайыктуу аба ырайы тууралуу кеңеш беришет жана гүлдөр кайсы жерлерде канча убакыт сакталары жөнүндө маалымат беришет. Сакурага суктануу салты тарыхый Эдо дооруна (1603–1868) барып такалат.