Японияда студент жигит классташынын чоң энесин жакшы көрүп калып, азыр чогуу жашап жатышат. Окуя 23 жаштагы студент Кофу классташынын үйүнө барганда, ал жерден 83 жаштагы Айкону биринчи жолу көрүп, аны сүйүп калганда башталган.
Аял да жигитти бир жолу көрүп, жактырып калганын моюндаган. «Ал энергиялуу жана өтө камкор, мен мындай жигитти көргөн эмесмин»,- дейт аял.
Айко — мурдагы багбан, эки баласы жана беш небереси бар. Ал эки жолу турмушка чыгып, ажырашкандан кийин уулунун үй-бүлөсү менен жашап жаткан. Жаш курагына карабастан, аял активдүү жашоо образын алып барат, өзүнө кам көрөт жана жаш көрүнөт.
Кофу — университеттин студенти жана чыгармачыл компанияда стажировкадан өтүп жатат.
Түгөйлөр азыр чогуу жашап жатышат. Алар үйлөнүү тууралуу азырынча ойлоно элек, бирок бактылуу экенин моюнга алышат. Айко Кофу жумушка кеткенде сагынганын, бирок ага тамак жасап берүү ага кубаныч алып келерин айтат.









