Япониядагы жер титирөө. Каза болгондордун саны 180 адамга жетти

Япониядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 180ге жеткенин Киодо агенттиги билдирди. Буга чейин 168 адам каза болуп, 323ү менен байланышууга мүмкүн болбой жатканы айтылган.

Жер титирөөдөн жолдор бузулуп, байланыш үзүлгөндүктөн кырсыктын кесепеттери дагы деле толук айтыла элек. Куткаруучулар жана жергиликтүү бийлик табигый кырсыктын масштабын баалоо үчүн бир нече аймактарга жете алышпай жатат. Кыйраган үйлөрдүн санына, каза болгондордун жана жарадар болгондордун санын так айтыша элек.

Японияда 1-январда 7,6 баллдык жер титирөө катталган.