Япониядагы жер титирөөдөн 72 сааттан кийин 80 жаштагы аял куткарылды (видео)

Японияда куткаруучулар 80 жаштагы кемпирди 7,6 баллдык катуу жер титирөөдөн кийин 72 сааттан кийин урандылардын астынан алып чыгышты, деп билдирет Euronews телеканалы.

Эксперттер үч күндүк мөөнөттү “мүмкүнчүлүктөрдүн терезеси” деп аташат, эми ал жабылгандан кийин, башка аман калгандарды табуу үмүтү бат эле өчүп баратат. Бийликтердин маалыматы боюнча, 200дөн ашуун адам дагы эле дайынсыз, каза болгондордун саны дээрлик 100гө жетти.

Негизги куткаруу иштери табигый кырсыктан эң көп жабыркаган Вадзима жана Судзу шаарларында жүргүзүлүүдө. Миңдеген адамдар үй-жайсыз калышты жана бийликтер жабыркаган аймактарда инфекциянын жайылышынан чочулашууда.