Япониядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 215ке жетти

Япониядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 215ке жеткенин Киодо маалымат агенттиги билдирди.

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары 213 адам каза болгонун кабарлашкан. Жер титирөөдөн 567 адам жабыркаганы кабарланып, дагы 37 адам менен байланышууга мүмкүн болбой жатат.

Японияда 1-январда 7,6 баллдык жер титирөө катталган.