Япониядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны көбөйүүдө

Исикава префектурасында 1-январда Японияда болгон катуу жер титирөөнүн кесепетинен каза болгон адамдардын саны 82 адамга жетти. Бул тууралуу япониялык басылмалар жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

7,6 баллдык жер титирөө Исикава префектурасынын Вадзима шаарында кеңири кыйратууларга жана өрткө алып келди. Уланып жаткан жер титирөөлөр 72 сааттык куткаруу иштерине тоскоол болууда. Шаарда 7 кабаттуу имарат кулап, борбордук аймакта катуу өрт чыгып, 200дөн ашуун имаратты каптаган.