Япониядагы жер титирөөдөн кеминде 124 адам жаракат алды

Кечээ,14-февралга караган түнү Японияда күчү 7,1 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кырсыктан кеминде 124 адам жаракат алып,100дөн ашык турак жайлар талкаланган.

Ошондой эле өлкөдөгү 950 миң үй электр жарыксыз калганы маалымдалды. Жер титирөөдөн кийин Япониядагы бир нече электр станциялары иштебей калган.