Япониядагы Сакурадзима жанар тоосу атылды (видео)

Япониядагы Сакурадзима жанар тоосу атылды. Өлкөнүн башкы метеорология департаменти билдиргендей, жарылуу Сакурадзима жанар тоосунун Сёва кратеринде болгон.

Кечээ, 8-февралда эртең менен жанар тоо эки жолу атылган. Акыркы жолу бул кратерде атылуу 2018-жылы апрелде болгон. Адистер жанар тоонун таштары 2 чакырым радиуска түшүшү мүмкүн экенин эскертишүүдө.

Жарандарга коркунуч жаралганы тууралуу маалымат түшкөн эмес.