Башы ооруганына карабай 17 жыл чачын өстүргөн япониялык «Рапунцель» (сүрөт)

Япониялык 42 жаштагы Рин Камбе 17 жыл бою чачын өстүрүп келет. Учурда анын чачынын узундугу 2 метрден ашкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Риндин айтымында, 2 метр 100 сантиметр узундуктагы чачын жууп, кургатып, тараганга эле 3 саат убакыт кетет. Мындай «процедураны» ал жумасына эки жолу жасайт. Чачын түйүп алганга кеминде 10 мүнөт убакыт кетет. Башы тез эле ооруп кеткендиктен аны да бир нече жолу бошотуп, кайра түйүш керек болот. Жазып алайын десе узундугунан абдан жүдөп, жумуш жасай албаарын айтат. Чачы канчалык ыңгайсыздыкты жаратпасын Рин кыркууну ойлонбойт. Анткени узун чачы аны башкалардан өзгөчөлөнтүп турган «фишкасы» деп эсептейт.