Япониянын мурдагы премьер-министрине кол салуу болду (видео)

Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэге кол салуу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Синдзо Абэге Нара шаарында эл алдына чыгып сүйлөп жаткан маалда кол салуу болгон. Аны эс-учун жоготкон абалда ооруканага жеткиришкен. Киодо басылмасынын берген маалыматына ылайык, мурдагы премьер эсине келе элек. Жергиликтүү укук коргоо органдары Абэ артынан көкүрөк тушуна ок жегенин билдирген. Мурдагы премьер-министрге кол салууга шектелген 41 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды.