Япониянын премьер-министри резиденциядагы кечеден кийин уулун кызматтан алды

Япониянын премьер-министри Фумио Кисида улуу уулу Шотаро Кисиданы жүрүм-туруму үчүн саясий катчылык кызматынан бошотту. Бул тууралуу Japan Times жазды. 

Коомчулуктун нааразылыгын япониялык Shukan Bunshun журналы өткөн аптада жарыяланган Шотаро Кисиданын бир нече сүрөттөрү жараткан. Сүрөттөрдө ал достору менен былтыр премьер-министрдин расмий резиденциясында жаңы жылдык кече өткөргөнүн көрүүгө болот. Кече 2022-жылдын 30-декабрында өткөн. 

Фумио Кисида уулунун жүрүм-туруму премьер-министрдин саясий маселелер боюнча катчысынын мамлекеттик кызматын ээлеген адам үчүн ылайыксыз экенин, ошондуктан ал өзүнүн жүрүм-туруму үчүн жоопкерчиликке тартылышы үчүн уулун кызматтан алууну чечкенин билдирди.