Үй-бүлөлүк зомбулук себеп болгонбу? Алматыда 27 жаштагы блогер өз жанын кыйды

Алматыда 27 жаштагы Айлуна Рахим өз жанын кыйды. Бул тууралуу Казак ЖМКлары жазды. Маалыматка караганда, ал акыркы учурларында блогерлик менен алектенип жүргөн.

Анын жансыз денеси 11-июнь күнү кечинде табылган, бирок бүгүн гана маркумдун достору «НеМолчи.kz» фондуна Айлуна өлүм алдындагы кат калтырып кеткенин, анда аны бул аракетке түрткөн адамдын аты-жөнү жазылганын айтышкан.

Айлунанын ата-энеси жок болчу. Кыз турмушка чыккан, бирок жакында эле ажырашып кеткен. Айлуна социалдык тармактардагы акыркы билдирүүлөрүндө үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылганын кыйыткан. Кыз үтүктөн алган күйүктүн издерин, денесиндеги көгала тактарды көрсөткөн.