«Үй-бүлөсү бар эркек менен жүрөт». «Япония сулуусу» болгон украиналык кыз таажысын кайтарды

Буга чейин 26 жаштагы украиналык модель Каролина Шиино «Япония сулуусу» сынагында жеңүүчү аталып, таажы кийгенАл Япониядан тышкары төрөлгөн сулуу катары биринчи жолу сынактын жеңүүчүсү болгон. Каролина 1998-жылы Тернополдо украиналык үй-бүлөдө төрөлгөн. Бирок кийин апасы япон жигитине турмушка чыгып, ал кезде 5 жашар кызы менен Нагояга көчүп кеткен.

Сулуунун жеңиши интернетте көптөгөн жергиликтүү тургундардын нааразычылыгын жараткан. «Япония сулуусу болуп тандалган адамдын Японияга эч кандай тиешеси жок. Ал 100 пайыз украиналык. Ооба, ал абдан сулуу, бирок сынак «Япония сулуусу» деп аталат. Мен японду көрбөй жатам. Жок дегенде, ал жарым япон болсо, көйгөй болмок эмес», — деп жазышкан соцтармак колдонуучулары. 

Каролинанын жеңишин «япондордун сырткы көрүнүшүн басмырлоо» деп эсептегендер да болгон. Гран-при сынагынын башкы уюштуруучусу сулуу жеңишти татыктуу алганын билдирген.

Бирок ал үй-бүлөлүү адам менен болгон мамилесине байланыштуу таажыдан баш тартууга аргасыз болду. Бул тууралуу «Аргументы и факты» жазды. 5-февраль күнү эртең менен сынактын уюштуруучулары өздөрүнүн расмий сайтында билдирүүнү жарыялашты. «Япония сулуусу» сынагынын жеңүүчүсү Каролина Шиино жеке себептерден улам титулдан баш тартууну чечти», — деп айтылат билдирүүдө. Уюштуруучулар бул кадамды кабыл алышып, бош калган орунду ваканттык орун деп жарыялашкан. 

1-февралда 26 жаштагы кыз 45 жаштагы пластикалык хирург Такумо Маэдо менен жакын мамиледе экени тууралуу маалымат жарыяланган. Хирург мырза үй-бүлөлүү, аялы, балдары бар.

Экөө таанышуу фактысын танышкан эмес, бирок башында экөө тең ортосунда олуттуу эч нерсе жок экенин айтышкан. Каролина жаңы «досунун» үй-бүлөсү тууралуу билбегенин айтып, бул тууралуу билгенде дароо байланышты үзүп салганын айткан. Дарыгер муну тастыктап, алардын ортосунда интимдик мамиле жок экенине ишендирген. Бирок акыры Каролина Шиино хирургдун ойношу экенин моюнга алды.