«Үй-бүлөсүнө баруу үчүн билет сатып алган». Шатуновдун досу экөөнүн акыркы сүйлөшүүсү тууралуу айтып берди

Юрий Шатунов «Ласковый Май» тобунун композицияларына болгон укуктарга байланыштуу узак соттук териштирүүлөрдөн улам эмоционалдык жана физикалык жактан чарчаганын ырчынын досу, топтун экс-солисти Андрей Шишкин Ura.ru сайтына билдирди.

Шатунов 23-июнга караган түнү 49 жашында каза болгон. Өлүмдүн себеби инфаркт болгон. Ырчынын сөөгү 28-июнда Москвадагы Троекуровский көрүстөнүндө жерге берилет.

«Акыркы сүйлөшүүдө эртең гастролдон кийин Германиядагы үй-бүлөсүнө учуп кетиши керектигин айткан, ал билет да сатып алган. Абдан чарчаганы көрүнүп турду», — деген Шишкин. Музыканттын досу Шатунов гастролдон кийин кышында тарткан нерв оорусунан толук айыгып кете электигин да айткан.