Үй-бүлөсүнөн, үйдөгү жумуштан чарчаган келин амал ойлоп тапкан

Айрым учурда жакындары менен жакшы мамилени сактап калуу үчүн жөн гана алардан тыныгуу алуу керек дешет. Үй-бүлөсүнөн эс алуу үчүн өзүнө чакан батир сатып алган кытайлык келин дал ушундай ыкмага өткөн.

Гонг Ян бул идеяны пандемия учурунда, ал күйөөсү, уулу жана кайненеси менен үйдө отуруп калган учурда ойлоп тапкан. Үй-бүлөдөгү бүтпөгөн жумуштан тажаган келин чакан батир сатып алган.

«Ачкычты алган күнү мен батирдеги столго отуруп, тамак буйрутма кылып, терезени карап отурдум. Ошол учурда өзүмдү бактылуу сездим», — деген ал. 25 чарчы метрлик батир Гонг үчүн күч-кубат топтоочу жер болуп калган. Келин ал жерде жумасына 2 күнгө барып турат. Йога менен машыгат, достору менен жолугат жана жөн гана жалгыздыктан ырахат алат. Муну келиндин туугандары туура эле кабыл алышкан.