«Үйдө жалгыз» тасмасындагы МакКалистерлердин үй-бүлөсү канчалык бай эле?

МакКалистерлер жашоодо мынчалык «кымбат» жашаш үчүн канча каражат табышы керек эле? Сөз чейрек кылымдан бери дүйнө элинин сүймөнчүгүнө айланган «Үйдө жалгыз» тасмасындагы баш каарман Кевиндин үй-бүлөсү тууралуу болуп жатат.

1990-жылдарды тартылган бул кинодо өздөрүн «нымдуу бандиттер» деп атаган эки ууру Гарри менен Марвин колунда барлар жашаган райондо баалуу буюмдарды тоноо максатында бош калган үйлөргө «сыза» башташат. Алардын катарында бир чоң, кооз үй бар. Ал МакКалистерлерге тиешелүү эле. Ал күндөрү үй ээлери рождество майрамын тосууга Парижге кетишкен болчу. Бирок үйдө 8 жаштагы Кевин жаза алып, жалгыз жатып уктап калат. Ошентип ал үйдө жалгыз калат. Окуя ушинтип башталат.

Ошол үйдүн ээси мындай үйлүү болуусу үчүн, көп балалуулуу бул үй-бүлөнүн жашоого керектөөлөрү үчүн эмне жумуш жасашы мүмкүн? Канча кирешеси болушу керек эле?

МакКалистерлердин жашоосу канчага турат?

Мынча бардар жашаш үчүн Кейт жана Питер МакКалистерлер канча киреше табышы керек эле? The New York Times экономисттер жана кинонун жаратуучулары менен биргеликте бул сырды ачууга аракет кылып көрүштү.

Жашоодо ал үй Иллинойс штатындагы Чикаго шаарынын Уиннетка районундагы Линкольн булвары 671чи дарегинде жайгашкан. Ушул үйдүн баасы канча турушу мүмкүн?

Чикагонун федералдык резеврдик банкынын экономисттеринин эсеби боюнча 1990-жылдары Кейт менен Питер МакКалистерлер мындай үйлүү болушу үчүн жылына 305 миң АКШ доллары табышы керек эле. Бүгүнкү күндө бул үй 2,4 миллион АКШ долларына бааланып, ипотекага жылына 730 миң доллар төлөшү керек болот.

Китептин автору эмне дейт? 

«Эч качан алардын кирешеси жөнүндө ойлонгон эмесмин», — дейт «Үйдө жалгыз» китебинин автору Тодд Штрассер. Ал өз каармандарын «жогорку класстагылар, бирок ошол эле учурда укмуш байлар эмес» деп эсептейт. Андыктан Кейтке модельер, Питерге бизнесмен кесибин ыйгарганын айтат. Кино до да бул өзгөртүүсүз калтырылып, үйдө манекендер көзгө урунат. Бирок алар тууралуу кеп болбойт.