«Үйдө жалгыз» тасмасынын жаңы бөлүгүнүн фан-трейлери тарады (видео)

33 жыл өткөндөн кийин «Үйдө жалгыз» тасмасынын күйөрмандар тарабынан жасалган трейлер интернетке тарады. Видеону VJ4rawr2 YouTube каналынын автору жараткан.

Анда «Үйдө жалгыз 3» тасмасында үйгө ууруга кирген бандиттер бошотулуп, аларды темир тор артына отургузган баладан өч алууну чечишет. Кевин 40 жашта, бирок ал дагы бир жолу аларга каршы күрөшүүгө даяр. Видеодо Кевиндин апасы жана полиция кызматкери болуп иштеген улуу агасы Базз да тартылган. 

Муну заманбап технологиялардын жардамы менен жасоого мүмкүн болгон. Трейлердин автору алардын катышуусундагы чыныгы тасмалардан жана сериалдардан кадрларды чогултуп, андан соң үнүн кайра иштеп чыгып, монтаждаган.