«Үйгө келгендей болдум». Беларусь президенти Тажикстанга барды

Беларусь президенти Александр Лукашенко Тажикстанга расмий сапар менен келгенин Беларусь президентинин сайтында билдирди.

Беларусь лидерин премьер-министр Кохир Расулзода, айыл чарба министри Сахди Каримзода жана тышкы иштер министринин орун басары Имоми Содик Ашурбойзода тосуп алышты.

«Үйгө келгендей болдум», — деди Лукашенко тажик делегациясы менен учурашып жатып. Аэропортто президент премьер-министр менен кыскача баарлашып, аны менен өлкөдөгү кырдаалды жана оруп-жыюу иштеринин жыйынтыгын, эки тараптуу мамилелерди талкуулады.

Александр Лукашенко бүгүн Дүйшөмбүдө тажик президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Мамлекет башчыларынын жолугушуусу делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда тар жана кеңейтилген курамда өтөт.