Нур-Султан шаарында 3 жаштагы кыз терезеден түшүп кеткен. Бул тууралуу Казакстандын басылмалары жазышты.
Полиция кызматынын билдиришинче, окуя 5-июль күнү саат 21:57де катталган. 13-кабаттагы батирдин терезесинен 3 жаштагы кыз кулап дүкөндүн чатырына түшкөн. «Алган жаракатынан кыз ошол жерде көз жумган. Кырсык катталган учурда үйүндө апасы болгон», — деп билдирген полиция кызматы.