Ылай суудан кызды көтөрүп өткөргөн жигит алкышка татыды (видео)

Учурда социалдык тармактын колдонуучулары ылай суудан кызды көтөрүп өткөргөн жигиттин видеосу менен бөлүшүп жатышат.

Маалыматка караганда, видео Казакстанда тартылган. Видеодогу жигит —  Капият Даулет. Ал Астанадагы курулуш компаниялардын биринде эмгектенет.