Ымыркайдын ичинде дагы бир түйүлдүк болгон

Индияда жаңы төрөлгөн ымыркайдын ичинен дагы бир түйүлдүктү аныкташкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Индиянын Бихар штатында төрөлгөнүнө 40 күн болгондо ымыркайдын ичи көөп, заара кылууда кыйналып баштаган. Энеси дарыгерлерге кайрылганда баланын ичинде түйүлдүк бар экенин билишкен. Балага тез арада операция жасалып, ичиндеги түйүлдүктү алып салышты. Учурда ымыркайдын абалы жакшы экендиги айтылат.

Түйүлдүктүн ичиндеги түйүлдүк аномалиясы — курсакта болгондо эле түйүлдүктүн ичинде дагы бир түйүлдүк (эгиз-мите) пайда болот. Ал 500 миңден 1 балага туура келет.