Youtube Беларуста ишин токтоттубу?

Беларуста бүгүн, 10-январда Youtube’ду ачууда көйгөйлөр пайда болду, Google платформасы да ачпай жатат. Колдонуучулар аталган платформалардагы үзгүлтүктөрү тууралуу байма-бай билдиришүүдө.

Кээ бир колдонуучулар Telegram жана Twitch да иштебей жатканын айтышат. Алар белгилегендей, бул кызматтар VPN колдонууда иштей баштайт.

Беларустагы популярдуу «Чоң суроо» форумунда колдонуучулардын бири «Жергиликтүү интернет провайдерлери буга чейин кандайдыр бир пландык иштер себеп экенин айтып жатышкан. Бирок жакын арада Youtube жумушун калыбына келтирүүгө убада беришүүдө» деп жазган.