Youtube’дагы бардык видеолорго кийинки айдан тартып жарнама кошулат

Youtube платформасына жүктөлгөн бардык видеолорго кийинки айдан тартып, тагыраагы 1-июндан баштап жарнамалык роликтер кошулат. Сервис өнөктөштүк программага кошулбаган каналдарды да монетизация кылганы жатат. Бул тууралуу компаниянын сайтында жазылды.

Азыркы тапта өнөктөштүк программада болгон каналдарга чыккан видеолордо жарнама киргизилген. Ага кошулуу үчүн эки шартты аткаруу керек болот: катталгандардын саны миң адамдан аз болбошу шарт, ал эми жыл ичинде кароонун жалпы убактысы — 4 миң сааттан ашуун болушу зарыл.

АКШнын аймагынан тышкары жашаган контенттин бардык авторлорунун кирешесине америкалык мыйзамга ылайык салык салынат. Тагыраагы Кошмо штаттарда YouTube Premium сервиси, суперчат жана демөөрчүлүк аркылуу кароодон түшкөн кирешеге салык киргизилет. Салык алынышы үчүн каналдын жана юридикалык тараптын аталышы, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери тууралуу маалымат көрсөтүү керек. Мындай маалымат видеохостингге берилбесе, анда ал кирешенин 24 пайызына чейинки бөлүгүн алып калышы мүмкүн.

Видеохостингди колдонуу боюнча жаңы шарттар АКШда өткөн жылдын ноябрь айында эле киргизилген, ал эми калган башка өлкөлөргө карата 1-июндан тартып күчүнө кирет.