Үрөйдү учурган кадрлар. Жарандар Ооганстандан кетүүгө болгон аракетин жумшап жатышат

Кабул аэропортундагы адамдар өз жарандарын өлкөдөн эвакуациялоо үчүн учуп барган АКШнын аскердик учагынын артынан чуркашып, учактын конуучу жабдууларын кармоого аракет кылышты. Болуп жаткан окуялардын видеосу Твиттерде пайда болду.

Кадрлардан көрүнүп тургандай, учак учуу-конуу тилкесинде акырындык менен жылып баратат, адамдар анын артынан чуркашат. Алар учактын учкучтарына кол булгалашып, кээ бирлери учакты кармоого аракет кылышат. Күбөлөр ошондой эле болжолдуу Кабул аэропортунан бийиктикке көтөрүлгөн учакка жабышып учуп бараткан адамдардын учактан кулаганын видеого тартып алышкан. Бир версияга ылайык, Ооганстандын борборунан учуп кетүүгө аракет кылган бир нече адам учактын бөлүктөрүн кармап калышкан. Жабыркагандардын так саны белгисиз.

Ооганстанда радикалдуу талиптер бийликке келгенден кийин, миңдеген качкындар Кабул аэропортун каптап кетишти. Алар жардам сурап, кандай жол менен болсо да өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылышат. Тартипти калыбына келтирүү үчүн америкалык аскерлер асманга ок чыгарышты. Атышуу жана тебелөөнүн натыйжасында бир нече адам каза болгон. Ооганстандын борборундагы аэропортто бардык коммерциялык каттамдар токтотулган.