Юлия Навальная кайрылуу жасап, күйөөсүнүн ишин уланта турганын билдирди (видео)

Абакта көз жумган орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын жубайы Юлия Навальная күйөөсүнүн ишин уланта турганын билдирди.

Ал каза болгон оппозиционердин YouTube каналына видеокайрылуу жарыялаган. Анда ал Навальныйдын өлүмүнүн себебин билерин жана жакында бул тууралуу баарына айта турганын айткан.