Юрий Шатуновдун сөөгү эртең, 28-июнда атактуунун керээзине ылайык өрттөлөт

Юрий Шатуновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 28-июнга белгиленгенин ырчынын өкүлү Аркадий Кудряшов билдирди.

Атактуу менен коштошуу зыйнаты кечээ, 26-июнда Троекуровский көрүстөнүндө өтүп, ага жүздөгөн күйөрмандар катышты. Кудряшов тактагандай, жакындары Шатунов менен бүгүн, 27-июнда коштошот. Ал ырчынын сөөгү өрттөлөрүн билдирди. «Күлдүн жарымы Германияда, калганы Троекуровский көрүстөнүнө коюлат. Юрий Васильевичтин суранычы анын сөөгүнүн күлүн Бавариядагы балык уулоочу көлүнө жиберүү эле», — деди Кудряшов.

48 жаштагы Юрий Шатунов 23-июнь күнү жүрөк оорусунан каза болгон.