Түштүк Африканын Замбия өлкөсүндө мас полиция кызматкери жаңы жыл майрамында полиция бөлүмүндө кармалган 13 шектүүнү бошотуп жиберген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Замбия полициясынын билдирүүсүндө, баш калаа Лусакадагы полиция бөлүмүндө нөөмөттө турган Титус Фири аттуу полиция кызматкери мас абалында жаңы жыл түнү кармалган 13 шектүүнү бошоткону айтылат. Фири нөөмөттө турган башка кесиптештерин опузалап убактылуу кармоочу жайдагы камералардын ачкычтарын тартып алган. Билдирүүдө Фири окуядан кийин камакка алынганы жана полиция тарабынан бошотулган 13 адамды кармоо боюнча операциялар уланып жатканы айтылат.
Фири бошоткон бул адамдар мушташ, уурулук жана опузалоо сыяктуу кылмыштар үчүн камакта экени айтылат.