Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ менен Европанын колдоосуна ишенсе, Владимир Путин менен сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирди. ITV News телеканалына берген интервьюсунда ал сүйлөшүүлөр коопсуздуктун так кепилдиги болгондо гана мүмкүн экенин баса белгиледи.
«Согуш токтошу мүмкүнбү?» деген суроого Зеленский бул шарттардан көз каранды экендигин, бирок ал учурдагы фронтту токтотууну каалабагандыгын белгилеп «Анткени бул Украинанын бир нече шаарын блокадада калтырат» деди.
Анын айтымында, дипломатиялык ыкмалар менен адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка жетишүү негизги орунда турат. Ал ошондой эле НАТО Украинага мүчө болууну сунуштаса, бул да коопсуздуктун маанилүү кепилдиги болорун баса белгиледи.