Зеленский биринчи жолу согуштук аракеттер башталгандан бери армиянын жоготуусу тууралуу маалымат берди

Украинанын президенти Володимир Зеленский биринчи жолу согуштук аракеттер башталгандан бери армиянын жоготуусу тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 1,3 миңдин тегерегинде украиналык аскер каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Украина тарап орусиялык армиянын жоготуусу 12 миңдей аскер кызматкери деп баалашууда, ал эми батыш эксперттери эки эсе аз санды айтып жатышат. Орусиянын Коргоо министрлиги өзүнүн жоготуусу бир эле жолу маалымат берген, тагыраагы 2-мартта 498 аскер каза болгонун маалымдаган болчу.

Орусия да, Украина да каза тапкан аскер кызматкерлери тууралуу регулярдуу негизде расмий маалыматты бербей келишет.