Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын Курск облусунда туткунга алынган түндүк кореялык аскер кызматкерлерин суракка алган видеону жарыялап, Киев Орусиядагы украиналык туткундардын ордуна аларды мекенине кайтарууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу «Украинская правда» жазды.
Түндүк Кореянын эки аскеринин видеосу Фейсбукта жарыяланды.
Зеленский Украинанын куралдуу күчтөрү биринчи жолу түндүк кореялык эки аскер кызматкерин колго түшүргөнүн билдирген. Анын айтымында, жарадар болгон түндүк кореялык аскерлерге жардам көрсөтүлүп, Киевге жеткирилген. Алардын бирин атайын операциялык күчтөрдүн жоокерлери, экинчисин украиналык десантчылар колго түшүргөн.