Зеленский: «Мен Европанын 27 лидеринен «Украина НАТОго кошулабы?» деп сурадым. Баары коркуп, жооп бербей жатышат»

Украинанын президенти Владимир Зеленский орусиялык аскердик операция башталгандан кийинки экинчи күндөгү өлкөдөгү кырдаал тууралуу жаңы видеокайрылуу жарыялады.

Мамлекет башчынын айтымында, орус аскерлери Украинанын аймагына ракеталык сокку уруусун улантууда. Анын билдирүүсүндө, аскердик операция башталгандан бери 137 украиналык каза болуп, дагы жүздөгөн жаран жарадар болгон. Президент өнөктөш өлкөлөргө жана дүйнө лидерлерине кайрылуу жасады. «Биз мамлекетибизди коргоодо жалгыз калдык. Биз менен кошо согушууга ким даяр? Чынын айтсам, мен даяр мамлекет көрбөй жатам. Бардык өнөктөштөргө айтам, азыр маанилүү учур, биздин өлкөнүн тагдыры чечилип жатат. Мен алардан «Биз мененсиңерби?» деп сурайм. Алар ооба деп жооп беришет, бирок алар бизди алууга даяр эмес. Бүгүн Европанын 27 лидеринен Украина НАТОго кошулабы деп сурадым, түз эле сурадым. Баары коркушат, жооп беришпейт… Биз мененбиз деп жооп беришет, бирок бизди альянска алууга даяр эмес», — деди ал.

Ошондой эле Зеленский орусиялыктарга кайрылды. «Бүгүн Киевдеги тургундар жашаган үйлөргө бомба таштай башташты. Бул 1941-жылдагы согушту эске салат. Митингге чыккан Орусиянын бардык жарандарына айткым келет: биз силерди көрүп жатабыз», — деди ал.