Зеленский Орусия менен сүйлөшүүдө жетишилген компромисстер референдумга чыгарыларын айтты

Украинанын президенти Володимир Зеленский Орусия менен сүйлөшүүдө жетишилген компромисстер референдумга чыгарыларын айтты. Анын билдирүүсүнө караганда, соңку жыйынтык референдумда кабыл алынат. Бул тууралуу ал Украинанын Улуттук коомдук телерадиокомпаниясынын маегинде билдирди.

Зеленскийдин айтымында, Украинадагы, ошондой эле Донбасс менен Крымдагы коопсуздуктун кепилдигине тийиштүү компромисстер тууралуу сөз жүрүүдө. «Мен бардык сүйлөшүү жүргүзүп жаткан топторго айтып түшүндүрдүм. Биз эч кайда качпайбыз, биз референдумга барабыз. Эл компромисттин ал же бул форматына жооп бериши керек», — деди Украинанын президенти.