Зеленский өзү каза болгон учурга «Б планы» даяр экенин айтты

Украин бийлиги өлкө жетекчилигинин бири, анын ичинде мамлекет башчысы каза болгон учурга “Б планын” даярдаганын президент Володимир Зеленский билдирди. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыкты. 

Анын айтымында, окуялар мындай жагдайда өнүгүп кетсе, бийлик аракеттерге даяр. «Биздин мыйзамдарга ылайык, мамлекетти башкара турган адам бар. Биз даярдандык жана бөлүндүк – мен, премьер-министр жана парламенттин башчысы», — деди Украинанын президенти видеобайланыш аркылуу сүйлөп жатып.

Зеленский ошондой эле Украина парламенттик-президенттик республика экенин эске салды. «Эгер жоготуу болсо, биз бул процесске даяр экенибизди түшүндүк. Биз министрлер кабинетин эки бөлүккө бөлдүк, өлкө коргонушу керек», — деп кошумчалады мамлекет башчысы.