Зеленский Путин менен боло турган сүйлөшүүнүн ийгиликсиз аяктоосун 3-Дүйнөлүк согушка теңеди

Украинанын президенти Володимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путин менен боло турган сүйлөшүүнүн ийгиликсиз аяктоосун 3-Дүйнөлүк согушка теңеди. Бул тууралуу ал CNN’ге кечээ, 20-мартта берген маегинде билдирди.

Зеленскийдин айтымында, ал Путин менен сүйлөшүүгө даяр, бирок ал ийгиликсиз аяктаса, анда ал 3-Дүйнөлүк согушка тете болот. «Мен сүйлөшүүгө эки жылдан бери даярмын. Сүйлөшүү болбосо, бул согуштун аягына чыкчудай эмеспиз. Путин менен сүйлөшүү үчүн бардык форматты, бардык мүмкүнчүлүктү колдонушубуз керекпиз деп ойлойм. Мени баары, өзгөчө Москвада угушун каалайм. Жолугушууга убакыт келип жетти. Сүйлөшүү убактысы келди. Украина үчүн аймактык бүтүндүгүн жана адилеттүүлүктү калыбына келтирүү убактысы келди», — дейт Украинанын президенти.