«Путиндин тирүү экенине күмөнүм бар» деген Зеленскийге Кремль жооп кайтарды

Украинанын президенти Володимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүдөн баш тартты, анткени ал анын тирүү экенине күмөнү бар. Бул тууралуу Зеленский бүгүн, 19-январда билдирген. 

«Бүгүн мен ким менен эмне жөнүндө сүйлөшөрүмдү түшүнбөй турам. Кээде хромакейде пайда болгон Орусиянын президенти ал экенине ишенбейм. Чечим чыгарабы, же кимдир бирөө чечим чыгарабы, тирүү экенин толук түшүнбөйм. Менде эч кандай маалымат жок”, — деди украин президенти.

Өз кезегинде Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков украин лидеринин Владимир Путиндин тирүү экенинен жана чечим кабыл алып жатканынан күмөн санаган сөздөрүнө жооп берди.

«Орусия да, Путин да Украина жана Зеленский үчүн чоң көйгөй экени анык. Таза психологиялык жактан Зеленский мырза Орусиянын да, Путиндин да жок болушун каалаары анык. Бирок украин режими канчалык эрте түшүнсө, Орусия менен Путин бар экенин жана болорун, эртеби-кечпи баары бир антиорусиялык бардык нерседен баш тартууга туура келерин түшүнсө, Украина сыяктуу өлкө үчүн ошончолук жакшы», — деди ал.