Зеленский согуштук аракеттер башталгандан бери жашап жаткан бөлмөсүн көрсөттү (видео)

Украинанын президенти Володимир Зеленский журналистке президенттин иш бөлмөсүндөгү өзү жашап жаткан бөлмөнү көрсөттү. Анын айтымында, ал согуш башталгандан бери ошол жерде жашап жатат. 

Бөлмөдө керебет, кол жуугуч, баш жууган жер, стол, сыналгы жана кийим койгон бөлмө бар. «Бул менин үйүм. Мен бул жерде бир жылдан бери жашайм. Бул жерде жарыкты дайыма өчүрүп көнүп калганбыз, анткени электр энергиясын үнөмдөйбүз. Бул адат болуп калды», — деп кошумчалады ал.