Украинанын президенти Володимир Зеленский Орусиянын аскердик операциясы башталгандан бери Украинанын 2,5-3 миң аскери көз жумганын жарыялады. Бул тууралуу президент CNN телеканалына берген маегинде билдирди.
Ал ошондой эле 10 миңдей украин аскери жараат алганын, анын канчасы тирүү каларын айтуу кыйын экенин билдирди. «Тургундардын жашоосу жөнүндө сөз кылуу абдан кыйын, анткени өлкөнүн түштүгүндө биздин шаарлар жана айылдар тосулган. Тосулган зонада канча адам өлгөнүн билбейм», — деди Зеленский.