Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкө жарандарын дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. Ал видеону Instagram баракчасына жайгаштырды.
Ал Украинанын бардык коопсуздук жана коргонуу тармагы иштеп жатканын билдирди. Ошондой эле Владимир Зеленский Украинанын Коопсуздук кеңешин чакыртып жатканы белгиленген.