Зеленский Украинанын Европалык союзга мүчө катары кириши боюнча билдирмеге кол койду

Владимир Зеленский Украинанын Европалык союзга мүчө катары кириши боюнча билдирмеге кол койду.

Буга чейин Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен Украинанын Европалык союздун бир бөлүгү болушу керектигин айткан эле. Бирок анда аталган өлкөнүн биримдикке чукул иретте кабыл алынышы тууралуу билдирген эмес болчу.