Зилзаладан жабыркаган Мароккого кайсы өлкөлөр жардам көрсөттү?

Марокконун бийлиги Испания, Катар, Бириккен Араб Эмираттары жана Улуу Британиянын жардамын кабыл алды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинен билдиришти. Аталган өлкөлөр куткаруучуларды жана гуманитардык жардам жөнөткөн.

Жардам берүү ниетин билдиргендердин арасында Франция, АКШ, Израиль сыяктуу мамлекеттер дагы бар. Акыркы маалыматтар боюнча зилзаладан набыт болгондордун саны 2200гө жеткен. Учурда урандылардын алдында калгандарды куткаруу иши уланууда.