Зимбабведе депутаттар өлкөнүн бюджетин талкуулап жаткан учурда жарык өчүп калды (видео)

Зимбабвенин парламентинде электр жарыгы каржы министри Мтули Нкубе келерки жылдын республикалык бюджети боюнча сөзүн аяктап жаткан маалда өчүп калганын дүйнөлүк ЖМКлар жазышты. 

Zimlive басылмасынын маалыматына караганда, генераторлор менен жарыкты дароо калыбына келтирбеген үчүн өлкөнүн президентин имараттан алып чыгып кетишкен.

 ZESA энергетика компаниясы бул пландык өчүрүү экенин четке какты. Алардын маалыматына караганда, бул өчүрүү чагылгандан улам болгон. Материалда айтылгандай, Зимбабвенин тургундары күнүнө 18 сааттан жарыгы жок жашап жатышат. Бул суу сактагычтагы суунун аздыгынан улам болуп жатканы жазылды.