Зимбабведеги 27 жаштагы билими жок мугалим окуучуларды сынактарга WhatsApp’тын жардамы менен даярдайт

Зимбабведе 27 жаштагы Максвелл Чимедза аттуу мугалим студенттерди колледж жана ЖОЖдорго кирүү сынактарына даярдайт. Дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыккандай, Чимедзанын билими да, компьютери да жок. Сабак берүү үчүн ал өзүнүн 32 гигабайт эс тутуму менен арзан Samsung Galaxy A10S смартфонун жана WhatsApp тиркемесин гана колдонот.

Бул мугалим жөнүндө өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 64 окуучусунун бардыгы экзамендерди ийгиликтүү тапшырып, 41 окуучу эң жогорку бааны алышкандыгы белгилүү болгондо гана сүйлөшө башташты. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдиргенине караганда, Чимедза кымбат баалуу курстар жана тарбиячылар менен бирдей деңгээлде жыйынтык көрсөткөн. Максвелл Чимедза өлкөнүн эң жакыр аймактарынын бири Мбара шаарынын чет жакасында жашайт. «Мен өзүмдүн квалификациялуу эмес мугалим экенимди тактагым келет», — деп белгилейт ал. Бирок көпчүлүк аны Dr. Maxx деп аташат. 

Максвелл өзү 2012-жылы 14 сынактан өтүп, бирок каражаттын жоктугунан университетке өтө албай калган. Өлкөдөгү жумушсуздук көйгөйүнө түздөн-түз туш болгон ал 2019-жылы балдарды WhatsApp аркылуу окутууну чечкен.