Астрахань облусунда 14 жаштагы кызды зордуктап өлтүргөн деген шек менен такси айдап жүргөн 46 жаштагы Чаган айылынын тургуну кармалды. Бул тууралуу «Российская газета» жазып чыкты.
Маалыматка караганда, кыздын жансыз денесин 23-февралда Волганын жээгинен балык уулап жүргөндөр көрүп, укук коргоо органдарына кайрылышкан. Криминалисттер дарыянын түбүн карап чыгып, кыздын жеке буюмдары салынган сумкасын жана уюлдук телефонун табышкан.
Милиция кылмышка шектелген жаранды кармашкан. Таксист сурак учурунда, кыздын жол тосуп турганын көрүп, үйүнө жеткирем деп унаасына салганын, дарыянын жээгине алып барып, зордуктап, колун байлап, сууга ыргытканын айткан. Учурда тергөө жүрүп жатат.