Казакстандын Сатпаев шаарындагы турак үйдүн кире беришинде жаш кызга кол салуу видеого түшүп калган.
Видеодо подъездге жаш кыз киргенин көрүүгө болот. Эркек киши анын башынан кармап, оозун колу менен жаап, тепкичтин астына сүйрөп барган. Кыз кыйкырып баштаганда, эркек киши качып кеткен. Маалым болгондой, ал киши кызды зордуктоого аракет кылган. Видеого Улуутау облусунун милициясы комментарий берди. Алар киши кармалганын билдиришти.
«Кол салуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүүнүн өздүгү такталып, милиция кызматкерлери тарабынан жеринде кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.












