Бүгүн күнгө жекшемби, 13-декабрь. Президенттик шайлоого жана референдумга 1 айдан аз убакыт калды. Мөөнөттү эске салуу бөлүгүнө 4-октябрдагы митингди алып салып, референдумдун кошулуп калышы бекеринен эмес. Жаңы Баш мыйзамды кабыл алуу аракетинен башталып, бирок ал иш өлкө ичиндеги саясатчылардын жоон тобу, жарандык коомчулук тарабынан катуу сындалган соң, мамлекетти башкаруу формасы боюнча суроону элдин добушуна коюуну алып чыга калуу – мунун баары бийлик үчүн күнү бүткөндүн мөөнөтү эсептеле баштагандын белгиси болуп калышы ыктымал. Ушул жана башка жума ичиндеги башкы окуяларга “Аптага серептин” сегизинчи чыгарылышында саресеп салып көрөлү.
Камакка алынган Конгантиевдин мандаты эмне үчүн башкага бериле элек?
Күндүн негизги жаңылыктары: Депутат Эрулан Кокулов кесиптештеринин сынында калды; Жогорку Кеңешке жаңы 4 депутат келди; Парламентте мал ылаң маселеси кайрадан...









